Бюджетке сентябрда 9 млрд 184 млн 709.6 миң сом киреше түшөт

10 сентября 2020, 14:30

Бюджеттин сентябрь айындагы кирешеси 9 млрд 184 млн 709.6 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Бордордук казына маалымат берди.

Анын ичинен 7 млрд 916 млн 632.1 миң сом салыктык кирешелерден түшөт. Бул сумманын 61.28% - Мамлекеттик салык кызматынан, калган сумма Мамлекеттик бажы кызматынан түшөт.

Салыктык эмес кирешелерден бюджетке 1 млрд 268 млн 77.5 миң сом түшөөрү маалым болду. Мындан сырткары, мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруудан улам казына 1.7 млрд сомго толуталат. Муну менен катар, бюджеттин жалпы ресурстары күздүн алгачкы айларында 10 млрд 949 млн 196.3 миң сомду түзөрү күтүлүүдө.