Бюджетке түшкөн кирешелер, өнүктүрүү фонддорунун чыгашалары боюнча маалыматтарды көрсөтүү үчүн портал түзүлдү

14 февраля 2022, 14:00

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге түшүүлөр, өнүктүрүү фонддорунун чыгашалары боюнча маалыматтарды көрсөтүү үчүн жаңы портал түзүлдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.

Сайттан ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн контекстинде жергиликтүү бюджеттин түшүүлөрүн деталдуу көрүүгө болот.

Өнүктүрүү фонддорунун өздүк эсептери боюнча дебеттик операциялардын деталдуу түрдө көрсөтүлүп, Ачык бюджет порталында баннердик шилтеме ишке ашырылган.