Центерранын директорлор кеңешинин курамы алмашты
Канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. компаниясы директорлор кеңешинин курамын алмаштырды. Бул тууралуу компаниянын официалдуу сайтында маалымдалат.
Директорлор кеңешинин жаңы курамы:
- Ричард В. Коннор;
- Аскар Өскөмбаев;
- Дүйшөн Касенов;
- Максат Көбөнбаев;
- Пол Н. Райт;
- Майкл Парретт;
- Жак Перрон;
- Скотт Г. Перри;
- Шерил К. Пресслер;
- Брюс В. Вальтер;
- Сьюзан Юркович.
Комиссиянын үч мүчөсү Кыргызстандын жарандары. Алар: Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнбаев, Аскар Өскөмбаев.