Центерра Голд Майнестин 50 % үлүшү 210 млн $ сатылды

30 января 2021, 10:00

Центерра Голд Инк. компаниясы Центерра Голд Майнестин (GGM) 50 пайыз үлүшүн Орион Майн Финанс групптун филиалына сатты. Бул тууралуу компаниянын официалдуу сайтында жайгашкан документтерде айтылат.

Центерра буга чейин 210 млн доллар каражатын аванс иретинде алган.

Белгиленгендей, алтындын баасы 1.5 миң доллар болгон шартта, Хардрок долбоорунун айрым этаптарында Центерра Голд кошумча 75 млн доллар алат.

Кошумчалай кетсек, GGM башкы долбоору болуп Хардрок алтын кени болуп эсептелинет.