Үч айда 65,5 млрд сом салык чогулду

4 апреля 2024, 16:15

Ушул жылдын январь-март айларында Кыргызстанда 65 млрд 506,1 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Ведомстводон кабарлашкандай, белгиленген план 2,8 млрд сомго ашыгы менен аткарылып, сумма 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 млрд сомго көп жыйналды.

Анын ичинде 47 млрд 979,7 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналып, план 272,4 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Каражат 2023-жылдын 3 айына салыштырмалуу 8 млрд сомго көп чогултулду.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 17 млрд 526,4 млн сомду түзүп, план 2 млрд 526,4 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2023-жылдын январь-март айларындагы көрсөткүчүнө салыштырмалуу 3 млрд сомго көп.