Үч айдын ичинде салык боюнча план 1,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

18 апреля 2022, 15:36

Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджетке 36 млрд 383,6 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 103,2%га же 1 млрд 125,9 млн сомго ашыкча аткарылган.

"2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 14 млрд 640,5 млн сомго көп чогултулуп, же өсүү темпи 167,3%ды түздү",- деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, Салыктык башкарууну өркүндөтүү, экономиканын бардык секторлоруна талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодада кыйыр салыктарды башкаруу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, SMART Salym компаниясынын салык процедураларын санариптештирүү, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү боюнча долбоорлору өз натыйжасын берүүдө.