Үч жылда 315 мектеп жана 69 бала бакча курулду

4 апреля 2024, 12:00

Кыргызстанда курулуштун көлөмү үч жылдын ичинде жогорку деңгээлге жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, айрыкча социалдык объектилерди куруу колго алынды.

"Акыркы 3 жылдын ичинде 315 мектеп, 69 бала бакча, 28 саламаттык сактоо объектилери курулду, ошондой эле 125 айылдын таза суу маселеси чечилди", - деди ал.