Чаткалда заманбап калкты тейлөө борбору ачылат

19 апреля 2022, 11:40

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында заманбап калкты тейлөө борбору пайдаланууга берилет. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул үчүн райондук маданият үйүнүн имаратынын бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Маалыматка ылайык, мекемеге жергиликтүү бюджеттен 2,5 млн сом каражат жумшалды.

Тейлөө борбору ачылса райондун 31 миңден ашуун калкына ыкчам кызмат көрсөтүлөт.