Чек ара чатагында жабыркагандарга жумушка орношууга жардам керек
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Тажикстандын куралдуу кол салуусунда жабыркаган Баткен облусунун чек ара аймактарынын тургундары жумушка орношууга жардам сурап жатканын билдирди.
Депутат буга чейин 50-60 миң сом алгандар азыр 12 миң сом жөлөкпул менен жашоого аргасыз болуп жатканын белгиледи.
“Аларга мамлекет бир-эки жолу чоң суммадагы каражат бөлгөн. Бирок биз алар жөнүндө унутпашыбыз керек. Алардын айрымдарына мезгил-мезгили менен операция жасалышы керек. Бул операциялардын баары эле мамлекеттик ооруканаларда жасалбайт. Жеке клиникалар кымбат. Жабыркагандардын арасында балдарынын окуусу үчүн контракт төлөгөндөр да бар”, - деди Нуржигит Кадырбеков.