Чек ара кызматы концентраторлор жана медикаменттерин мыйзамсыз өткөрүү аракетин токтотту

16 июля 2020, 10:00

15-июлда «Ак-Тилек автодорожный» КӨЖнын чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу кычкылтек концентраторлорунун жана кээ бир дарылык каражаттарынын мыйзамсыз өткөрүү аракетин токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш жана ММК бөлүмү кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын үч жараны үч унаа менен Кыргызстандан Казакстанды көздөй бара жатышкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында чек арачылар унаалардын салондорунда жүк катылгандыгын аныктаашкан: унааларда кычкылтек концентраторлорунун төрт комплектиси жана азыркы учурда Кыргызстандан чыгарууга тыюу салынган дары каражаттары («Ингавирин», «Ксарелто») болгон.

Документтер түзүлгөндөн кийин, транспорт каражаттарынын айдоочулары жүк менен бирге керектүү органдарга териштирүү жүргүзүү үчүн жеткирилген.