Чек арадан мыйзамсыз 5 млн сомдук товарды алып өтүү фактысы аныкталды

29 ноября 2023, 17:30

“Түштүк-Батыш” бажысы жалпы баасы дээрлик 5 млн сомдук күрмөлөрдү мыйзамсыз алып келүүнү токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБ менен Кыргызстандын бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз алып өтүү фактыларынын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө "Түштүк-Батыш" бажысынын кызматкерлери тарабынан бажылык укук бузуу фактысы аныкталды.

Товардын баасы 4 млн 950 миң сомду түздү. Келтирилген чыгымдын алдын ала суммасы 1 млн 412 миң 529 сомду түзгөн.

Аталган факты Турак жай-информация бөлүмүнө катталып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.