Чет өлкөдөгү мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүүдө

7 декабря 2023, 13:40

Чет өлкөдө жүргөн мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүп жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, пилоттук долбоор алгач Жалал-Абад облусунда башталды.

Анын алкагында Сузак районунун алты айыл аймагы үймө-үй кыдырылып, чет жакта эмгектенип жүргөндөр тууралуу маалымат чогултулду.

Министрлик бул миграция жаатындагы статистиканы так чыгарууга мүмкүнчүлүк бере турганын белгилейт.

Эми бул системаны башка аймактарга жайылтуу пландалууда.