Саат 17:00гө карата чет өлкөдөгү 5 миң 604 кыргызстандык добуш берди

4 октября 2020, 17:30

Саат 17:00гө карата чет өлкөлөрдө 5 миң 604 кыргызстандык добуш берди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков брифингде билдирди.

Анын айтымында, саат 17:00гө карата добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 17,18 пайызын түзөт.

«Азыркы учурда 28 өлкөдөгү 45 шайлоо тилкесинин бирөөсү гана ачыла элек. Вашингтондогу шайлоо тилкеси убакыттын айырмачылыгына байланыштуу бир сааттан кийин ачылат», - дейт ал.