Чүй облустук милициясына 20 кызматтык унаа тапшырылды

16 февраля 2024, 10:45

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына 20 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаңы кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Чүй ОИИББдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондук жана Токмок шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө жана Чүй ОИИББдин Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.