Чүй облусунда эки чакан ГЭС курулат

18 октября 2023, 12:38

Чүй облусунда эки чакан ГЭС курулат. Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунан билдиришкендей, объект Панфилов районунун Жарды-Кайыңды дарыясында пайда болот.

Эки ГЭСтин кубаттуулугу сегиз мегаватт, башкача айтканда ар бири төрттөн болот деп күтүлүүдө. Анын алкагында жыл сайын 40 миллион киловатт-саатка жакын электр энергиясын иштелип чыгышы мүмкүн.

Инвестициялардын жалпы көлөмү 10 миллион доллардан ашык деп бааланууда.