Чүйдө 4 млн сомдон ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

28 февраля 2022, 14:45

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 4,3 млн сомго бааланган жер тилкеси муниципиалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2010-жылы Таш-Төбө айыл өкмөтүнүн токтому менен Орто-Сай айылындагы мектепке караштуу жер жеке тарапка мыйзамсыз берилип кеткен.

Прокурордук талаптын негизинде 4 млн 350 миң 240 сомго бааланган мектепке тиешелүү жер тилке мамлекетке кайтарылды.