Чүйдө жаңы өнөр жай аймагынын курулушу башталды

18 апреля 2023, 09:15

Чүй облусунда жаңы өнөр жай аймагынын курулушу башталды. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, аймакта текстиль жана тигүү өндүрүшү боюнча 11 объект уюштурулат.

Долбоорду ишке ашыруу өндүрүшкө эл аралык стандарттарды киргизүүгө, дүйнөлүк бренддерден буйрутмаларды алууга, чийки заттын кайра иштетилген көлөмүн эсепке алуунун ачыктыгын камсыз кылууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.