Чүйдүн 40 миңден ашык тургуну жер мунапысы боюнча арыз берди

22 февраля 2024, 11:45

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча жыйын өткөнүн облустук жетекчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Айыл элинин айтымында, көпчүлүк үйлөр СССР доорунда салынса да, керектүү документтери ушул кезге дейре бүтпөй келет. Бул боюнча президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиевге да кайрылышкан. Облус жетекчиси маселени жеринен көрүп, андан кийин тиешелүү чечим кабыл алууга убада берген.

Канат Жумагазиев жыйында айыл тургундарынын жер тилкелери адистердин жардамы менен картага киргизилгенин маалымдаган.

Маалыматка караганда, жер мунапысы боюнча Чүй облусунун 40 миңден ашуун тургунунан арыз түшкөн. Облус жетекчисинин аракети менен жер тилкелерине 19 миң 641 чечим, ошондой эле 15 миңден ашык жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилди.