Чүйдө коомдук транспорттун айдоочуларына 13 миң сомдон айыппул салынды

22 июня 2020, 13:30

Чүй облусунда санитардык талаптарды сактабаган коомдук транспорттун айдоочуларына 13 миң сомдон айыппул салынды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы санэпидкөзөмөл борбору менен биргеликте коомдук унааларда санитардык талаптар аткарылып жаткандыгы боюнча рейд уюштурууда.

«Бүгүнкү күндө коомдук транспорттун айдоочуларына 13 миң сомдон 13 протокол тузүлдү», - дейт ал.

Волкова маалымдагандай, санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн 7 ишкана айыппулга жыгылды.