Чүйдө жергиликтүү калк тарабынан 13 ишкана талкаланган

14 октября 2020, 11:15

Инвестицияны сактоо жана өнүктүрүү боюнча агенттиги, Чүй облусу Ысык-Ата районундагы талап-тонолгон 13 ишкананы калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Агенттиктин маалыматына ылайык, жапа чеккен ишкерлер, укук коргоо оргнадары жана жергиликтүү бийлик менен жолугушуулар өттү.

Агенттик тарабынан объектилер каралып чыккан соң, калк менен кайрадан жолугушуу уюштуруу чечими кабыл алынды. Ведомствонун кызматкерлери окуянын кесепеттерин жоюу жана Кыргыз Республикасынын аймагында ишкерлердин ишинин туруктуулугун камсыз кылуу жана инвесторлордун укугун жана мүлкүн коргоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгышат.