COVID-19: ЭЭА «Бишкек» эсепке 2 млн сом которду

4 июня 2020, 14:00

«Бишкек» Эркин экономикалык аймактын жетекчилиги тарабынан Саламаттык сактоо минитсрлигинин атайын COVID-19 менен каршы күрөшүү үчүн ачылган эсебине 2 млн сом которулду. Бул тууралуу ЭЭА «Бишкектин» басма сөз кызматы билдирди.

Андан сырткары, Өзгөчө кырдаалдар минситрлиги тарабынан 200 миң сомго ЭЭА «Бишкекте» өндүрүлгөн тамак-аш азыктары жана жуугуч каражаттар гуманитардык жардам катары берилген.