COVID-19  менен каршы күрөшүү үчүн ачылган мэриянын эсебинде 1 млн сом акча бар

22 мая 2020, 12:00

Бишкек мэриясынын COVID-19 каршы күрөшүү үчүн ачылган эсебине 7 млн 96 миң 326 сом топтолгон. Бул маалыматты Help.covid.kg порталы билдирди.

Акыркы ирет эсепке акча 11-майда которулган.

Эсепке түшкөн каражаттардын ичинен, бүгүнкү күндө 5 млн 920 миң 373 сом коротулган. Учурда эсепте 1 млн 175 миң 953 сом бар.