COVID-19 менен күрөшүү иш-чараларына мамлекеттик бюджеттен 2,6 млрд сом сарпталды
Жеке коргонуучу каражаттарды, дары-дармектер, компенсациялык төлөмдөр жана башкалар сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард 569,4 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Абдыбала Тегин Суеркул бүгүнкү брифингде билдирди.
Бул каражаттардын ичинен:
- Финансы министрлиги - 488 миллион сом;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - 600,9 млн сом;
- Укук коргоо органдарына - 566,8 млн сом;
- Мамлекеттик материалдык резервдер фонду - 475,6 млн. сом;
- Өзгөчө кырдаалдардын эсебин толуктоого - 208,9 млн. сом.
Мындан тышкары, жети облустун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жардам катары жеке коргонуучу, дезинфекциялоо каражаттар жана башкаларды сатып алууга 27,7 миллион сом бөлүнгөн, ошондой эле:
ветеринардык жана фитосанитардык инспекцияларга - 3,1 млн. сом;
Тышкы иштер министрлиги - 157,2 млн сом;
Транспорт министрлиги - 1 млн;
Өзгөчө кырдаалдар учурунда муктаж адамдарды тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларга - 40 млн. сом.