Дан азыктарын аткезчилик жол менен ташып чыгууга бөгөт коюлду

6 апреля 2022, 13:21

Кыргызстандан Өзбекстанга дан азыктарын аткезчилик жол менен ташууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында 2 жүк ташуучу унаа токтотулган.

"Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургундарынын башкаруусунда келе жаткан бул унаалардагы дан азыктары Өзбекстандын Риштан районунун Шахимардан анклавына аткезчилик жол менен бара жаткандыгы белгилүү болуп, кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты атайын каттоого алынып, кармалган унаалар атайын токтотулуучу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатканы белгиленген.