Дарылык каражаттарын алып кайра сатуу менен алектенгендерге карата кылмыш иштери козголду

13 июля 2020, 09:30

Каржы полициясы тарабынан өткөрүлгөн көзөмөлдүк сатып алуунун жыйынтыгында, шаардын кээ бир жерлеринде «Клексан» дарылык каражатынын 1 даанасы 8 миңден 14 миң сомго чейинки баада сатылып жаткандыгы аныкталган.

Бир катар физикалык жактар аталган дарылык каражатынын үстүнө баа кошуу менен кайра сатууну жүргүзүп, өлкөдө болуп жаткан ажиотаждын эсебинен мыйзамсыз байууга аракет жасагандыгы аныкталган.

Каржы полициясы белгилеп кеткендей, азыркы учурда спекулянттарга карата сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен укуктук баа берилет.

«Маанилүү дарылык каражаттарды көтөрүлгөн баада сатып, «спекулянттык» менен алектенген жарандарды эскертебиз, учудагы кырдаалды колдонуп, элдин эсебинен каражат топтоого жол берилбейт!»- деп билдиришет мекемеден.