Дээрлик 1 млн сомдук тигүүчү машиналарды уурдоого шектүү адам кармалды

10 марта 2022, 17:30

Аламүдүн районунда 900 миң сомдон ашык тигүү машиналарын уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, март айынын башында Аламүдүн районунун ички иштер органдарына арыз менен 1968-жылы туулган К.Б. аттуу жаран кайрылган. Ал кол салгандар анын контейнерине кирип, баасы 900 миң сомдон ашык тигүү машиналарын уурдап кетишкенин айткан.

Бул кылмышка шектелип мурда бир нече жолу соттолгон 1992-жылы туулган Б.Т. кармалган. Азыр ал Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында.

Укук коргоо органдары анын башка ушул сыяктуу иштерге катыштыгы бар-жогун текшерүүдө. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.