Депутат: КР жылына 100 миңдеген тонна алтын кошулмалары бар кендер чыгарылып кетет

16 января 2020, 14:41

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров парламенттин жыйынында өлкөдөн чыгарылып жаткан алтын кошулмалары бар кендердин жана концентраттар тууралуу маселени көтөрдү.

«Эмне себептен Коопсуздук кеңешинин жер казынасын пайдалануу жана жер казуу жаатында коопсуздукту сактоо боюнча тапшырмалары аткарылбай келет? Андан бери бир жыл өттү. Бирок тиешелүү мамлекеттик жана укук-коргоо органдары тарабынан чаралар көрүлгөн жок. Кыргызстандан жүз миң тонналап алтын кошулмалары бар кендер чыгарылууда», - деди эл өкүлү.

Ошондой эле депутат өлкөдөн кен чыгаруу үчүн жана жер казуучу (иштетүүчү) мекемелер үчүн салыкты жогорулатуу керектигин баса белгиледи.