Депутат Республикалык кан борборунун сайтын иштеп чыгууну сунуштады

8 февраля 2024, 11:40

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлигине Республикалык кан борборуна веб-сайт же тиркеме түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, биринчи кезекте борбордун сайтын иштеп чыгуу зарыл. Анда бардык тиешелүү маалыматтар жайгаштырылып, жарандар “донордук светофор” аркылуу канга болгон муктаждыкка көз салып турушу мүмкүн болот.

Буга байланыштуу донорлордун ыңгайлуулугу үчүн веб-портал түзүүнү жана борбордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну өтүндү.