Депутаттар 2020 – ж. республикалык бюджет мыйзам долбоорун жана 2021-2022-жж. божомолду кароо мөөнөтүн жылдырышты

15 октября 2019, 10:54

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети «2020 – жылдагы КР бюджети жана 2021-2022 жж. божомолу жөнүндө» мыйзам долбоорун кароодон баш тартышты. Себеби, жыйынга каржы министри Бактыгүл Жээнбаева жана экономика министри Санжар Муканбетов келбегендигине байланыштуу болгон.

Өкмөт мүчөлөрү эки министр тең учурда иш сапарда болгондугуна байланыштуу жыйынга катыша албай калгандарын билдиришти.

Мыйзам долбоорун кароо убактылуу токтотулду.