Дизель жана АИ-80 үлгүсүндөгү күйүүчү май кымбаттады

6 ноября 2023, 10:47

Кыргызстанда 3-октябрдан 3-ноябрга чейин АИ-92 үлгүсүнөн тышкары бардык күйүүчү-майлоочу май кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук Статистикалык комитети билдирди.

Тактап айтканда, АИ-95 үлгүсүндөгү май 0,09 сомго бир аз кымбаттаса, АИ- 80 үлгүсүндөгү күйүүчү-майлоочу майдын баасы дароо 2,7 сомго жогорулаган. Башкача айтканда, анын баасы октябрь айында 56 сом болсо, ноябрда 59 сомго көтөрүлгөн.