Дүйнөдө эң көп сатылган 20 смартфондун рейтинги чыкты

11 апреля 2024, 10:40

“Chaodian” компаниясынын аналитиктери 600-800 доллар баа диапазонундагы эң көп сатылган смартфондордун дүйнөлүк рейтингин жарыялашты. Андагы маалыматтар өткөн жылдын төртүнчү кварталына тиешелүү.

Рейтинг боюнча, дүйнөдө эң көп сатылган телефондордун ичинен iPhone 15 биринчи сапка чыгып, 5,29 млн нуска сатылган. Экинчи орунга iPhone 13 чыккан, ал 2,37 млн нускада сатылган. Үчүнчүсү Samsung Galaxy S23 FE болгон, ал 2,24 млн нускада сатылган.

Алдыңкы ондукка түштүк кореялык үч смартфон кирген. Ондуктун катарында Google Pixel 8, Xiaomi 14 Pro жана Vivo X100 Pro да бар.

Бүктөлмө телефондор акырындык менен популярдуулукка ээ болууда. Бул тизмеге алардын экөөсү кирген. Алар Motorola Razr 2023 жана Oppo Find N3 Flip.