Дүйнөлүк банк Бишкектин абасын жакшыртууга 50 млн доллар берет

18 апреля 2024, 15:50

Дүйнөлүк банк Бишкектин абасын жакшыртууга 50 млн доллар берет. Жогорку Кеңеш былтыр декабрда Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Долбоор өкмөттүн абанын сапатын жакшыртуу боюнча мүмкүнчүлүгүн чыңдоо, турак жайларды экологиялык жактан таза жылытуу жана ордо калааны жашылдандыруу боюнча иш-чараларды илгерилетүү максатын көздөйт.

Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, Бишкектеги абаны шаар четиндеги жылытуу, транспорт жана чаң булгайт.