Доллар 78 сомдон сатылууда

9 апреля 2020, 14:45

9-апрелге карата 1 АКШ долларынын курсу айрым коммерциялык банктарда 78 - 78.5 сом менен сатылууда. Ал эми евро курсу 88 сомго төмөндөдү.

Улуттук банкта доллар 84.87 сом менен сатылып жатат.

Доллардын рублга карата курсу Орусиянын Борбордук банкынын маалыматына ылайык, 75.7 рублду түзүүдө. Москва биржасында жана Форексте доллар 74.5 рубль менен сатылып жатат.

Мунайга болгон баа аз-аздан көтөрүлүп жатат: Brent маркасына болгон мунайдын бир баррелге болгон баасы 33.8 $, WTI — 26.5 $ түзүп жатат.