Доллардын официалдуу курсу 77.5 сомго төмөндөдү

12 мая 2020, 17:30

12-майга карата доллардын официалдуу курсу 0.63% төмөндөп, 77.5 сомду түздү. Евронун наркы дагы төмөндөп, 83.9 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Коммерциялык банктарда доллардын курсу дагы төмөндөп, 77.5 сомдон 77.7 сомго чейин, евро - 84 сомдон 85 сомго чейин сатылууда.

Орусиянын Борбордук банкы берген маалыматка ылайык, доллардын рублга карата курсу 73.4 рублду, евро - 79.4 рублду түзүүдө.

Brent маркасына болгон мунайдын юиль айындагы баасы - 30.56 $ чейин төмөндөдү. WTI маркасындагы мунайдын бир баррелге болгон баасы 25 доллардан жогору болгон.