Кыргызстанда доллардын наркы 20 тыйынга кымбаттады

8 января 2020, 09:10

Акыркы 3 күн ичинде Кыргызстанда доллардын наркы 20 тыйынга кымбаттады.

Бүгүн акча алмаштыруучу жайлар жана коммерциялык банктар долларды 69,6-69,8 сомдон сатып алып, 69,85-69,9 сомдон сатышууда. Улуттук банк тарабынан коюлган номиналдык курс - 9,5117 сом.

Эске салсак, 2019-жылдын акырында доллардын наркы 69,6 сомго чейин түшүп кеткен. Бирок 2020-жылдын январында абал өзгөрдү.