Доллардын баасы 80 сомдон ашты

14 октября 2020, 12:50

Кыргызстандын коммерциялык банктарында доллардын баасы 80 сомдон ашты жана азыркы учурда 80.2 сомду түзүүдө. Бул тууралуу «Акчабарга» «Альянс» акча алмаштыруучу Ассоциациясынын өкүлү Чыңгыз Бийлибаев билдирди.

Эксперт билдирип кеткендей, курстун тез арада айырмаланып кетиши эл аралык финансы операцияларынын жанданышы менен байланыштуу жана азыр валютага карата талап дагы жогорулашы күтүлүүдө.

Бийлибаевдин айтымында, доллардын сомго карата курсу өсүү тенденциясына ээ жана мындан ары дагы көтөрүлүшү мүмкүн.

Эске сала кетсек, кечээ коммерциялык банктарда доллар 79.8 сом, евро — 94.5-94.9 сомдон сатылган.