Доллардын курсу 70 рублдан төмөндөдү

2 июня 2020, 09:30

Россия Федерациясынын Борбордук банкы берген маалыматка ылайык, доллардын официалдуу курсу 69.7 рублга төмөндөдү, евро - 77.6 рублга түштү. Бул тууралуу регулятор маалымдады.

Москва биржасында доллар 69.7 рубль, евро - 77.3 рубль менен сатылууда.

Доллардын сомго карата курсу 0.37% төмөндөп, 73.5 сомду түздү. Евронун наркы 0.18% төмөндөп, 81.9 сомго бааланууда. Коммерциялык банктарда доллар 73.7 сомдон 74 сомго чейин, ал эми евро - 82.5 сомдон 83.5 сомго чейин сатылып жатат.

Brent мунайынын бир баррелге болгон баасы азыркы учурда 38 долларды, WTI - 35.4 долларды түзүп жатат.