Жыл ичинде доллардын сомго карата учеттук курсу 9.35 пайызга өскөн

20 июля 2020, 11:00

2020-жылдын июнь айынын аягына карата АКШ долларынын сомго карата учеттук курсу 75.9887 сомду түздү. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2019-жылдын ушул эле убагына салыштырмалуу, курс 9.35 пайызга көбөйгөн.

Ал эми Кыргызстандагы орточо айлык акынын өлчөмү 17 миң 727 сомду түзүп, былтыркы жылдын январь-май айына салыштырмалуу 4.6 пайызга өскөн.