Донорлордун эсебинен бюджеттин дефицити жана тышкы карыздын бир бөлүгү жабылат

25 февраля 2021, 11:15

Кыргызстандын республикалык бюджетинин дефицити үстүбүздөгү жылы 8.5 млрд сом же ИДПнын 1.3% түзүшү мүмкүн. Казынадагы жетишсиздик 509.7 млн сомго жетти. Бул тууралуу финансы министрлиги билдирди.

Бюджеттеги чыгаша менен кирешенин айырмасы толугу менен тышкы булактардын эсебинен жабылат. Андан сырткары, донорлордун эсебинен бюджеттеги ички тартыштыкты ошондой эле тышкы карыздын бир бөлүгүн жабуу планалууда.

Тышкы булактардан 25 млрд 826.1 млн сом түшөт, аннын ичинен:

  • мамлекеттик инвестициялар боюнча насыялар — 25 млрд 188.6 млн сом;
  • программалык карыздар — 637.5 млн сом.

Каражаттын бир бөлүгү, тагырагы 16 млрд 231 млн сом Кыргызстандын тышкы карызын төлөөгө, 9 млрд 595.1 млн сом — мамлекеттик казынанын жана ички булактардын карыздарын субсидиялоого ( 1 млрд 131.9 млн сом) жумшалат.