«Дордой», «Кара-Суу» базарларынан ичинде товарды ККМсиз сатууга болот

4 декабря 2023, 13:30

“Дордой” жана “Кара-Суу” базарларынын соодагерлери атайын салык режиминин шарттарына ылайык, товарларын бири-бирине, башкача айтканда, базардын ичинде ККМсиз жана электрондук эсеп-фактурасыз сата алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.

Анын айтымында, товарларды электрондук эсеп-фактура, көзөмөл-кассалык машина жана ЭТТНсиз экспортко да жөнөтсө болот.

“Ал эми бутиктерде жана дүкөндөрдө андан ары сатуу үчүн бул базарлардан товарлар сатылып алынганда, алар товардын келип чыккан жерин тастыктоо үчүн электрондук эсеп-фактура алышы керек”, - деди Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары.