«Дордойдогу» ишкерлер салыкты кантип төлөөнү билбей жатат

29 ноября 2023, 14:20

“Дордой” базарынын ишкерлери салыкты кантип төлөөнү түшүнбөй жатышат. Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ага “Дордойдон” соодагерлер жана кийим тигүүчү ишканалар Мамлекеттик салык кызматынын жаңы эрежелерин түшүнбөй жаткандыктарын айтып арыз менен кайрылууда.

Депутат Мамлекеттик салык кызматынан ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылды.