Дубайда телефон номер аукциондо 871 миң долларга сатылды

4 апреля 2024, 11:50

Бириккен Араб Эмираттарынын 2024-жылдагы эң кымбат уюлдук телефон номери жакында Дубайда өткөн кайрымдуулук аукционунда 3,2 млн дирхамга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Аукционду GSM операторлорунун бири өткөргөн.

“Эстеп калууга оңой 777-77-77 телефон номери жомоктогудай суммага сатылды”, - деп айтылат маалыматта.

Кооз номердин жаңы ээси номер үчүн 871 миң 412 доллар төлөгөн.