Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы 24 долбоорду 763 млн долларга каржылайт

17 марта 2021, 16:00

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы 24 долбоорду 763 млн долларга каржылайт. Бул тууралуу журналисттерге Дүйнөлүк банктын өкүлү Навид Хасан Накви билдирген.

Бүгүнкү күндө жалпы сумманын ичинен 100 млн долларга жакын каражат гана иштетилген. Каражаттын басымдуу бөлүгү, саясий окуяларга байланыштуу башка секторлорго бөлүнө элек.

Дүйнөлүк банк билдирип кеткендей, өлкөнүн социалдык-экономиканын өнүгүүсүнө саясий туруксуздук себеп болууда.