ДБ: Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн 250 млн $ бөлөт

14 мая 2020, 12:30

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга жеке жана финансы секторлорун колдоо үчүн, экинчи этапта 250 млн доллар бөлүүгө даяр. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Орто Азиядагы регионалдык директору Лилия Бурунчук онлайн-брифингде билдирди.

«Экинчи этапта бөлүнгөн каражаттар, финансы тармактарын, жумуш менен камсыз кылуу, социалдык жардам программалары, билим берүү, айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугун каржылоого багытталат.

Андан сырткары, Дүйнөлүк банк жакынкы апта ичинде Казакстанга 27 млн $, Өзбекстанга 311 млн $, Тажикстан жана Кыргызстанга 21 млн $ бөлгөн. Бөлүнгөн каражатка Кыргызстан тез жардам унаасын, жеке коргонуучу каражаттарды, тестирлөө үчүн жабдыктар, медикаменттерди алууга жумшалат.

Биринчи этапта Дүйнөлүк банк Орто Азия өлөлөрүнө коронавирус менен күрөшүү үчүн 387 млн доллар бөлгөн.