IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча протоколго кол коюлду

14 августа 2020, 14:15

12-августта Бурса провинциясындагы Изник шаарында 2021-жылы Турцияда өтө туруучу IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча протоколго кол коюлду.

Муну менен катар, 2021-жылы өтө туруучу эң ири иш-чаранын бирине даярдык көрүү башталды.

Түркия тарап оюндарга карата даярдыктар жөнүндө маалымат берип, кыргыздын салттары бузулбай сакталат деп ишендирди. Буга көчмөндөр оюндарынын өткөрүлө турган жерде, Изник ​​шаарынын аймагында шаарды басып алуу үчүн болгон салгылашта курман болгон кыргыз аскерлеринин эстелиги орнотулгандыгы далил болот.

Эске сала кетсек, 2018-жылы Кыргызстанда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү өткөрүлгөндөн кийин, эстафета Түркия тарапка өткөрүлүп берилген. Бирок, COVID-19 пандемиясына байланыштуу, IV Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын өткөрүү 2021-жылга жылдырылган.