«Дыйканчылыкты каржылоо – 9» долбоору боюнча жеңилдетилген насыялар бериле баштайт
Жазгы талаа иштерине даярдануу учурунда Кыргызстандын өкмөтү айыл чарба техникаларын сатып алуу боюнча лизингдик программаны ишке ашырууга 540,1 миллион сом каражат бөлүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча селектордук жыйында билдирди.
Өкмөт башчысы 2021-жылдын 15-февралынан тартып «Дыйканчылыкты каржылоо – 9» долбоорунун алкагында дыйкандарга жана дыйкан чарбаларына жеңилдетилген насыяларды берүү башталаарын эске салды.
«Ошондой эле, алар үчүн сертификатталган үрөндөрдү үрөн чарбаларынан базар баасынан 30% арзан баада сатып алуу механизми жөнөкөйлөтүлдү», – деп кошумчалады Марипов.