Дыйкандар 5,6 млрд сом жеңилдетилген насыя алышты

24 ноября 2023, 16:05

Айыл чарба тармагына 5,6 млрд сомдук 4 миң 40 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги берилди.

Маалыматка ылайык, “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорун ишке ашыруу үчүн каржылоонун көлөмү 17 млрд сомду түздү.

Алардан:

  • “Айыл Банк” ААК - 11,1 млрд сом;
  • “РСК Банк” ААК - 5,9 млрд.

Бул каражаттар банктарга айыл чарба ишкерлерине жеңилдетилген насыяларды берүүгө мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленген.

Белгилеп кетсек, 2023-жылдын 20-октябрына карата жалпы суммасы 5,6 млрд сомго 4040 жеңилдетилген насыя берилди.