Кыргызстандын дүң соода жүгүртүүсү 2020-жылы 2 млрд доллардан ашкан

6 апреля 2021, 17:30

Кыргызстандын дүң соода жүгүртүүсү 2020-жылы 2 млрд 347.5 млн долларды түздү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиядан билдиришти.

Сооданын көлөмү 2019-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 18.4% төмөндөгөн.

Кошумчалай кетсек, төмөндөө Евразия экономикалык биримдигиндеги бардык мамлекеттерде катталган. Төмөндөөнүн орточо көлөмү 5% жогору эмес. Муну менен катар, биримдиктин ичиндеги сооданын айлануусу Кыргызстанда эң төмөн көрсөткүчтө катталган.