ЕАЭБде жүк ташуунун көлөмү 6.9% түзгөн

11 ноября 2020, 11:35

ЕАЭБ өлкөлөрүндө үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында транспорт аркылуу 8.9 млрд тонна жүк ташылган. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 6.9% төмөндөгөн. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.

Комиссиянын берген маалыматына ылайык, Россия жана Казакстанда 5.7 млрд жана 2.8 млрд тонна транспорт аркылуу жүк ташылган, ал эми Кыргызстандыкы болгону 17 млн тоннаны түзөт.

Түтүк транспорту менен 1 млрд тонна жүк, темир жол менен - 1,3 миллиард, аба аркылуу - 850 млн тонна, суу аркылуу- 106 млн тонна жүк ташылган.