ЕАЭБде 3 млн жумушсуз жаран бар

5 февраля 2021, 13:10

2020-жылдын декабрь айынын аягында ЕАЭБдеги мамлекеттерде 3 млн 60 миң жумушсуз жарандар катталган. Бул жалпы жумушчу күчтүн 3.3% түзөт. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.

Комиссиянын маалыматына ылайык, 2019-жылдын ушул эле мезгилине ылайык, жумушсуздардын саны 3.3 эсеге төмөн болгон. Жумушсуздардын басымдуу бөлүгү Россияда – 2.7 млн адам. Андан соң Казакстан – 141.8 жаран катталган.

Кыргызстанда 76.7 миң, Арменияда - 61.3 миң, Белорусияда - 7.2 миң жумушсуз жаран катталган.

Белгилей кетсек, ЕЭК улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына таянуу менен билдирген.